Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кудук айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2017- жыл 13-март № 4/9
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кудук айылдык Кеңеши жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пйдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кудук айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу орган Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кеңеш тарабынан расмий бекитилген .Жайыттарды башкаруу жана пйдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдентендирилсин.
3.Ушул токтомдум экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе,анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы-Жайыт Комитетине эскертилсин.
4.Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо,макулдашууда,бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
5. Жайыт жерлери башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө”Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
6. Бул токтомду аткарылышын тейлөө Ак-Кудук айыл аймагынын башчысы К.Рыскелдиевке жүктөлөт.
Төрагасы: | З. Алдакеев |