Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кудук айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
2017- жыл 3-май № 5/1
Ак-Кудук айылдык кенешишин 3-май 2017-жылдагы 27-чакырылышынын кезексиз чакырылган 5 сессиясынын отуруму тарифтерди бекитүү жөнүндө
Айыл аймагындагы айыл чарба жумуштарын ишке ашырууга,мал багуу акыларын жана башка чарбалык иштердин кызмат акыларын бекитүү максатында Ак-Кудук айылдык кенеши токтом кылат::
1.Айыл калкынын жазгы айдан себүү иштерин жүргүзүүгө карата айылдагы техника ээлеринин жана мал багуучулар менен жалпы жыйналышта түзмө-түз сүйлөшүүнүн негизинде макулдашылган баа боюнча айыл чарба жумуштарын ишке ашырууга кызмат акылары төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин:
| Жерди иштетүүнүн түрлөрү | 1га үчүн сом менен | ГСМ | ДТ-75 |
1 | Жер айдоо аныз жер | 800 | 20 | 30 |
2 | Жер айдоо беде,чым жер | 1000 | 20 | 30 |
3 | Тырмоо | 300 | 10 |
|
4 | себүү | 400 | 10 |
|
5 | Шакап тартуу | 50 | 2 |
|
6 | Кара сугат | 1000 |
|
|
7 | Беде,дын жер сугаты,дан сугат | 700 |
|
|
8 | Чөп чабуу(ЖАТКА) | 1000 | 10-15 |
|
9 | Чөп чабуу(КОСИЛКА) | 700 | 10 |
|
10 | Чөп тырмоо | 300 | 5 |
|
11 | Тартуу(Кытай-Арык) | 400 | 5-25 |
|
12 | Эгин чабуу | 1700 | 20 |
|
13 | Эгин тартуу(Кытай-Арык) | 350 | 5-25 |
|
14 | Чөп тангактоо 1шт | 8 | 10 |
|
15 |
|
|
|
|
2.Мал багуу акылары:
Кой,эчки бир башка бир айга-35 сом
Бодо мал бир башка бир айга-250
3.Жазгы корук иштери 2017-жылдын 5-майдан тарта башталып,5-октябрга чейин жүргүзүлөт.Мөөнөтүнөн мурда көчүп келген мал багуучуларга жеринде барып,акт тузулуп,административдик жаза колдонууга укук коргоо органдарына материалдары өктөрүлүп берилсин.
4.Мал багуучулардын график боюнча көчүп конуу иштерин көзөмөлгө алуу,эрте көчүп келген малчыларга карата жаза колдонуу аракеттерин Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) жана айыл башчылар,кураторлор иш алып барышсын.
5.Корук учурунда корук аянттарына кирген малга мал ээсинен төиөндөгүдөй тартипте кароочулар айы алышсын:
Кой,эчкиге ар ьир башына 20 сомдон
Жылкы,уй,эшекке ар бир башына 100 сомдон,ал эми эгин бышып орула элек маалда корулган жерге түшкөн малга 2 эселеген тартипте айып алынсын.
Камакка түшкөн малдын ээсине кароолчу билдиргенден кийин мал ээси малын чыгарып кетпей,малы зыян тартса,кароочулар жооп бербейт.
6.Суу бөлүштүүчү мураптарга ар бир гектарына тейлеп берген акысы үчүн 70 сомдон акы алышсын.Сууну сурабай өз билемдиги менен жыгып алган атуулдарга күбөлөрдүн катышуусу менен акт түзүлүп ,1500 сомго чейин айып салынсын.Айып төлөбөсө кайра суу берилбесин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрагасы: | З. Алдакеев |