Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кудук айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
2017- жыл 6-сентябрь № 7/2
13-март 2016-жылдагы Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын № 4/6 токтому өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXV чакырылышынын кезектеги I сессиясынын №1-1 токтому менен мал сатууга 5 сомдон, кызмат көрсөтүү үчүн акы алуу ар кандай кызматтар үчүн 5 сомдон төлөм алуу бекитилген. Бирок бул төлөм салык кодексине туура келбегендигине байланыштуу жогорудагы сессиянын чечиме өзгөртүү киргизилсин.
Айыл өкмөтүндөгү:
Мал сатууга жана ар кандай маалыматтар (справкалар) кызмат көрсөтүүсүз бекер берилсин.
2018-жылдын январь айынан баштап Мыйзамга ылайык каттоодо турган 560 түтүндөн мусор үчүн (өз ара салык) катары 50 (элүү) сомдон акы алынсын.
Ар бир алынган төлөмгө кивтанция кыркылып ай сайын банкка төгүлүп турулсун.
Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскелдиевге тапшырылсын.
Төрагасы: | З. Алдакеев |