Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 29-январь. № 2
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылга карата стратегиялык планына толуктоо киргизүү жөнүндө
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылга карата Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизинде Эмгек-Талаа айыл аймагынын стратегиялык өнүгүү планына алымча кошумчаларды киргизүү, толуктоо жана бекитүү максатында Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVII чакырылыштагы II кезектеги сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылга карата
Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизинде Эмгек-Талаа айыл аймагынын стратегиялык өнүгүү планына коомдук угууда киргизилген алымча, кошумчалар, толуктоолор негиздүү деп табылсын.
2. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылга карата
Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизинде Эмгек-Талаа айыл аймагынын стратегиялык өнүгүү планы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн башчысы О.Басылбековго тапшырылсын.
4. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, emgektalaa.naryn-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрагасы: | Н. Абдрасулов |