Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 1-март № 4
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамын айыл аймагында аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын отуруму жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Эмгек-Талаа айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт
жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт
комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кенеш тарабынан расмий бекитилген Жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүү милдеттендирилсин.
Ушл токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында
аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укукиары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана аткаруу органы- Жайыт комитетине эскертилсин.
Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин баардык мүчөлөрүнө, жайыт
пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдеттүү.
Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан
жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык
иш-чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
Бул токтомдун аткарылышын тейлөө Эмгек-Талаа айыл аймагынын башчысы
О.Басылбековго жүктөлсүн.
Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, emgektalaa. naryn-
region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрагасы: | Н. Абдрасулов |