Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 1-март № 6
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын бюджетинин планына шарттуу мал башына чыккан салыктык тарифин бекитүү жөнүндө
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги III сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Эмгек-Талаа айыл аймагындагы жайыттын жалпы аянты 22168 гектар жайыт
жерине жайыт пайдалануучулар үчүн малдардын тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин.
- ар бир бодо малга (ири мүйүздүү мал, жылкы, төө, топос) жылына 50 сомдон
- майда жандыка (кой, эчки) айына 2 сомдон
Мал башына чыккан салык жыйымдардын төлөмдөрүн чогултуу жагы Эмгек-
Талаа айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасына жана бухгалтерине милдеттендирилсин.
Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, emgektalaa.
naryn-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрагасы: | Н. Абдрасулов |