Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 1-март № 7
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын жайыт комитетинин «АРИС» проектиси тарабынан алынган техникалардын кызматы жөнүндө
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Эмгек-Талаа айыл аймагынын жайыт комитетине «АРИС» проектиси
тарабынан келген трактор (погрузчик) Ак-Талаа айылынын тургуну Исаков Кенешбек Койчубековичке 1 (бир) жылдык мөөнөт менен келишим түзүлүп бекитилип берилсин.
Трактордун (погрузчик) элге кызмат көрсөтүү акысы төмөндөгүдөй
бекитилсин.
-кызмат көрсөтүү саатына 5 (беш) литр күйүүчү май, 200 (эки жүз) сом болуп бекитилсин
-50 % жайыт комитетине, 50% трактористин эмгек акысына берилсин.
Жуманын 1,2,3 күндөрү Эмгек-Талаа айылына, 4,5,6 күндөрү Ак-Талаа
айылынын элдерине кызмат көрсөтүлсүн.
Эмгек-Талаа айыл аймагынын жайыт комитетине «АРИС» проектиси
тарабынан келген көчмө кыркын пункту Эмгек-Талаа айылынын тургуну Замирбек уулу Жумабекке 1 (бир) жылдык мөөнөт менен келишим түзүлүп берилсин. Аренда акысы бир жылга 7000 (жети миң) сом болуп бекитилсин.
Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,
emgektalaa.naryn-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрагасы: | Н. Абдрасулов |