Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 28-июль № 2
2017-жылдын жыл башында калдыктан кириш-чыгыш сметада «АРИС» ке каралган өздүк салым жөнүндө
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине «АРИС» тарабынан 1195991 сомго
Эмгек-Талаа жана Ак-Талаа айылдарына вет клиника, малды эмдөө үчүн тосмо жана анализ алуу үчүн участок курууга «АРИС» тарабынан 1023501 сом, жалпы өздүк салым 172490 сом, анын ичинен айыл өкмөтүнүн эсебинен 86200 сом, ал эми элден чогулган каражаттын эсебинен 86290 миң сом каралган. Бүгүнкү күндө элден өздүк салым үчүн акча каражат чогулбай жаткандыгына байланыштуу 150,0 мин сом өздүк салым үчүн толук Жайыт комитетинин өздүк эсебине которулуп берилсин.
2017-жылдын жыл башында калдыктан каралган кириш-чыгыш сметасында
31112290 статьяга – 150000 сом өздүк салым үчүн каралган акча каражаттан айыл өкмөттүн бюджетинин эсебинен 50 % - 86200 сом чегерилсин, ал эми 63800 сом 1-сентябрга чейин элден чогултулуп айыл өкмөтүнүн бюджеттик счетуна төгүп берүү айыл өкмөт башчысы О.Басылбековго тапшырылсын.
Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,
emgektalaa.naryn-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрагасы: | Н. Абдрасулов |