Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 28-июль № 3
Эмгек-Талаа айыл аймагындагы бала бакчаларга кошумча тайпа ачуу жөнүндө
2018-2019-жылы балдарды балдар бакчасына кабыл алууда айылдарда кезекте турган балдардын ата-энелеринин кайрылган даттанууларын эске алып, бала бакчаларга кошумча тайпаларды ачуу боюнча суроо-талаптарды чечүү максатында Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Ак-Талаа айылындагы «Ак-Талаа-келечеги»
балдар бакчасына 25, Эмгек-Талаа айылындагы «Таберик» балдар бакчасына бала үчүн кошумча тайпа ачылсын.
Кошумча ачылган тайпаларга тамак-аш сатып алуу үчүн 1-январь 2018-
жылдын сметасына статья 22181100 бюджетике -180,0 мин сом, атайын эсепке -180,0 мин сом киргизип бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгынан суралсын.
- «Таберик» балдар бакчасына бюджетике -90,0 мин сом, атайын эсепке-90,0 мин сом
- «Ак-Талаа-Келечеги» балдар бакчасына бюджетике- 90,0 мин сом, атайын эсепке-90,0 мин сом.
Кошумча ачылган тайпалар үчүн, штаттык бирдикке кошумча тиешелүү
иш орундарын ачып берүү жагы Нарын райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
Ачылган кошумча тайпалар үчүн балдардын тамактануусуна берилүүчү
акча каражаты 2018-2019-жылдарга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүүдө айылдык кенештин сессиясында каралсын.
Балдар бакча башчыларына (Д.Саралаева, Т.Конокбаев) тайпаларга
балдардын келүүсүн толук камсыз кылуу жана берилген план тапшырманы өз убагында аткаруу жагы милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Эмгек-Талаа айыл
өкмөтүнүн башчысы О.Басылбековго тапшырылсын.
Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, emgektalaa. naryn-
region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрагасы: | Н. Абдрасулов |