Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 28-июль № 5
Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн жер комиссиясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаты жер
комиссиясынын төрагасы Мукашов Кубанычбек Мукашович Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн бош ваканттык муниципалдык кызмат ордуна конкурстан өтүп жумушка киришкендигине байланыштуу Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын төрагалыгынан бошотулсун.
Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын төрагасы болуп
айылдык кенештин депутаты Арпачиев Талантбек Шарипович, катчысы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, айыл чарбасы боюнча башкы адис Мукашов Кубанычбек Мукашович дайындалсын.
Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,
emgektalaa.naryn-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрагасы: | Н. Абдрасулов |