Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 15-февраль № 5
Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Ак-Талаа айылындагы азык-түлүк дүкөнүн сатып алуу жөнүндө
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Ак-Талаа айылындагы Нарын өндүрүштүк кооперативине тиешелүү азык-түлүк дүкөнү, айылдык клубдун имараты катары пайдалануу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150000 (жүз элүү миң) сомго сатылып алынсын.
2. Бул токтомдун негизинде мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы О.Басылбековго тапшырылсын.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрагасы: | Н. Абдрасулов |