Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 10-январь №1/4
Арыз даттануулар кайрылуулар жɵнʏндɵ
Арыз, даттануулар, кайрылууларды талкууло жɵнʏндɵ Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Училище чɵлкɵмʏндɵгʏ турак жайдын ээлери зым карагайды ɵздɵрʏ сатып алышсын, линияны тартып берʏʏ жагы электр кызматкерлерине милдеттендирилсин.
2. Жусупов Марстын арызы боюнча Кара-Суудагы сууга тʏшʏʏчʏ жайды сураган арызы жер комиссиясына сунушталсын.
3. Орозбекова Бакдɵɵлɵттʏн Чой-Жап ороонундогу кыштоосу боюнча арызы соттон чечилген аныктаманы ɵзгɵртɵ албайбыз.
4. Менчик огороддун ээлери жазында огородундагы уйгактарды тазалашсын.
5. Малчылар Арпа жайлоосуна график боюнча кɵчʏрʏлсʏн. Жайыт комитетинин тɵрагасы Ф. Абдыжапаровго милдеттендирилсин.
6. Жазында корук уюштурулуп, жайында айыл ичинде калган уйларды бадага чыгаруу уюштурулсун.
7. Жусупов Тыныбектин 28-май 1996-жыл №6 токтомун жокко чыгарып бергиле деген арызын жокко чыгара албайбыз. Арыз ээси тарабынан укук коргоо органына сунушталсын
8. Ушул токтом айыл ɵкмɵтʏнʏн аппаратынан каттоодон ɵткɵрʏлʏп www.uchkun.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик Укуктук актыларынын мамлекеттин реестрине киргизʏʏ ʏчʏн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жɵнɵтʏлсʏн.
Төрагасы: | Э. Исмаилов |