Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 26-январь №2/1
2018-жылга жайыт комитетинин бюджетин бекитʏʏ жɵнʏндɵ
2018-жылга жайыт комитетинин бюджетин бекитʏʏ боюнча Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Антенадан тʏшкɵн 104000сом, техникадан (погрузчик) тʏшкɵн акча ɵзʏнчɵ чогултулсун.
2. Жайыт комитетинин тɵрагасы Ф. Абдыжакыпов бухгалтери М. Абдылдаев квартал сайын отчетторун берип турушсун.
3. Куланак, Учкун айылдары акча каражаттарын ɵзʏнчɵ чогултушсун.
4. Куланак, Учкун айылдары техниканы иштеткенде ар бир жаранга канча сомдон иштеткени, аты жɵнʏ толук тизме жазып беришсин.
5. Жайыт комитетинин тɵрагасы Ф. Абдыжакыпов бухгалтери М. Абдылдаевдин жумушка келип кетʏʏ тартибин кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Учкун айыл ɵкмɵтʏнʏн башчысы К. Мамырбаевге милдеттендирилсин.
6. Былтырка чогулбай калган акча, бюджетте бекитилген акчадан сырткары чогултулсун.
7. Жайыт комитетинин бюджети 850 000сом менен бекитилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Учкун айыл аймагынын айыл ɵкмɵтʏнʏн ФЭБ башчысы С. Кыдырмаевге милдеттендирилсин.
9. Ушул токтом айыл ɵкмɵтʏнʏн аппаратынан каттоодон ɵткɵрʏлʏп www.uchkun.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик Укуктук актыларынын мамлекеттин реестрине киргизʏʏ ʏчʏн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жɵнɵтʏлсʏн.
Төрагасы: | Э. Исмаилов |