Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 24-июнь 10/1
Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү тургундарына экскаватордун жана пресподпоршиктин элдерге кызмат көрсөтүүдө төлөнүүчү тарифтерди бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймамагынын айыл өкмөтүнүн балансасында турган предподборщикти жана экскваторду Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү тургундарына кызмат кылууда тарифтерди бектитүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттары карап талкуулап, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасында турган предподборщикти жана экскваторду туруктуу иштешин камсыз кылып иштетүү жагы Э. Камбаровго бектилип берилсин.
Дөбөлү айыл аймагынын айыл тургундарына кызмат кылуу боюнча тарифтер төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
- чөп чабык учурунда чөп престөө техникага бир боосуна 9 сом,4 сому трактористин эмгеги,3 сому өкмөткө,2 сому жип алууга;
3. Дөбөлү айыл аймагынын жергиликтүү тургундарына экскаватордун элдерге
кызмат көрсөтүүдө төлөнүүчү тарифтери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
-жүктөгөнгө камазга 500 сом, №53 Газга 300 сом, Тележка 300 сом;
- казганга - Ороо казууга 1 м -80 сом; таза суу киргизгендер үчүн 1 м- 150 .
Бекитилген жогорудагы тарифтерди өз убагында өндүрүү жагы айыл өкмөтүнүн
башкы эсепчиси Э.Турганбаевага тапшырылсын.
Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Алсейитовго
милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бектемиров |