Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 18 -август №13/2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөбөлү айыл 2017-жылдын бюджетинин сметасына өзгөртүү киргизүү тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Алсейитовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дөбөлү айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл өкмөтүнө тиешелүү «Небере» балдар бачасынын 2-корпусунун полу керексиз абалга келип, чирип түшүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн аппаратынын сметасында өзгөчө кырдаалдар үчүн инвентарь алууга каралган 20600 сомду жана башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн каралган 16400 сом, бардыгы 37000 сомду «Небере келечеги» балдар бакчасынын учурдагы ремонтуна которуп, өзгөртүү киргизилсин.
2.Бул акча бала бакчанын 2- корпусунун полунун чириген жерлерин алмаштырууга жумшалсын.
З.Тиешелүү документтерди даярдап берүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Турганбаевага жана айылдык кенештин бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага | А. Бектемиров |