Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 2-октябрь №14/1
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө айыл өкмөттүн башчысы Алсейитовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дөбөлү айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу» жана «Жайыттар» тууралуу Мыйзамынын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү тууралуу келишими бекитилсин.
З.Тиешелүү документтерди даярдап берүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүм башчысы Турганбаевага жана Дөбөлү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.М.Султановго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бектемиров |