Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 2-октябрь №14/2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджеттик жана атайын каражаттардын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитов билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дөбөлү айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2017 жыл башына бала -бакчалардыт, тамак ашына ата энелерден тушуучу акча каражаты 92,7 мин сомго аткарылбай калып, ал акча каражаттары 2017-жылы өндүрүлгөнүнө жана «Аруу тилек» балдар бакчасына сентябрь айынан жаны группа ачылгандыгына байланыштуу балдардын тамак -ашына керектелүүчү атайын эсепке ата-энелерден чогулган акча каражаты киреше жана чыгаша бөлүгү 120000 сом болуп көбөйүлүп берилсин.
Откон жылдардан ата-энелерден түшүүчү төлөмдөрдөн калган калдык
«Небере» балдар бакчасына 50000 сом;
«Бала нур» балдар бакчасына 10000 сом;
«Аруу тилек» балдар бакчасы 24000 сом, жана жаны ачылган тайпанын 4 айга чогултулуучу каражаты 36000 сом, бардыгы 60000 сом;
2. «Аруу тилек» балдар бакчасына жаны ачылган тайпага бюджеттен акча каражаты каралбагандыгына байланыштуу, 2017-жылы пайдаланылбай калган Дөбөлү айыл аймагынын айылдарына көчө жарыгын төлөөгө каралган акча каражатынан тамак -аш алууга 36000 сом которулуп, өзгөртүү киргизилсин.
3.Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага | А. Бектемиров |