Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 22-январы №16/1
Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Дөбөлү айылынын жайыт жана сугат айдоо жер аянттарынан калктуу конуштун чегин кеңейтүү үчүн жерлерди бир багыттан башкасына которууга сунуштоо жөнүндө
Дөбөлү айылынын тургундарынын, өзгөчө жаш үй-бүлөлөрдүн там салуу үчүн көйгөлөрү көбөйгөндүктөн жана Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2017-жылдын 25-сентябрын-дагы №46 аныктамасынын, КРнын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармасынын 2018-жылдын 11-январын-дагы №02-4\22 катынын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык депутаттар Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2018-жылдын 12-январындагы №1 токтому бекитилсин.
2. Дөбөлү айылынын 31,7 га жайыт жана 27,1 га сугат айдоо, бардыгы 51,6 га жер аянттарынан калктуу конуштун жерлерине которууга (трансформациялоого) сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчыга Алсейитов Уланбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Ж. |
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча комиссиясынын отурумунун
ТОКТОМУ№1
12-январь 2018-жыл Дөбөлү айылы
Катышкандар; Комиссиянын төрагасы - Аракеев Акылбек
Мүчөлөрү - Токталиев Бердибек
Касымова Жайна
Султанов Жаныбек
Курманов Жыргалбек
Алымбаев Жыргалбек
Камбаров Эрнис
Каралуучу маселе:
1. Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Дөбөлү айылынын жайыт жана сугат айдоо жер аянттарынан калктуу конуштун чегин кеңейтүү үчүн жерлерди бир багыттан башкасына которууга сунуштоо жөнүндө.
Жогорудагы маселелер боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Токталиев маалымат берди. «Дөбөлү айылынын тургундарынын, өзгөчө жаш үй-бүлөлөрдүн там салуу үчүн көйгөлөрү көбөйүп жатат. Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2017-жылдын 25-сентябрындагы №46 аныктамасы жана КРнын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармасынын 2018-жылдын 11-январын-дагы №02-4\22 каты алынды. Дөбөлү айылынын Ген. планы боюнча айылдын 51,6 га жер аянтты калктуу конуштун чегин кеңейтүү үчүн чийилип берилген. Комиссиянын отуруму токтом кылат:
1. Дөбөлү айылынын 31,7 га жайыт жана 27,1 га сугат айдоо, бардыгы 51,6 га жер аянттарынан калктуу конуштун жерлерине которууга (трансформациялоого) сунушталсын.
2.Бул токтомду бекитүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын депутаттар Кеңешинен суралсын.
Комиссиянын төрагасы Аракеев Акылбек
Мүчөлөрү Токталиев Бердибек
Касымова Жайна
Султанов Жаныбек
Курманов Жыргалбек
Алымбаев Жыргалбек
Камбаров Эрнис