Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 22-январы №16/2
Айыл тургундарына Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү маалымдамалардан акы алынбай жана тазалык жыйымын көтөрүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү маалымдамалардан акы алынбай жана тазалык жыйымын көтөрүү максатында Дөбөлү айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургундарына Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү бардык маалымдамалар акысыз берилсин.
2. Дөбөлү айыл аймагынын айыл тургундарынын бир жылга берилүүчү тазалык жыйымы 100(жүз) сом болуп бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Киреше салык адисине милдеттендирилсин
Төрага | Уланбек уулу Ж. |