Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 22-январы №16/5
Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Дөбөлү айылынын жайыт жана сугат айдоо жер аянттарынан калктуу конуштун чегин кеңейтүү үчүн жерлерди бир багыттан башкасына которууга сунуштоо жөнүндө
Дөбөлү айылынын тургундарынын, өзгөчө жаш үй-бүлөлөрдүн там салуу үчүн көйгөлөрү көбөйгөндүктөн жана Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2017-жылдын 25-сентябрын-дагы №46 аныктамасынын, КРнын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармасынын 2018-жылдын 11-январын-дагы №02-4\22 катынын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык депутаттар Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2018-жылдын 12-январындагы №1 токтому бекитилсин.
2. Дөбөлү айылынын 31,7 га жайыт жана 27,1 га сугат айдоо, бардыгы 51,6 га жер аянттарынан калктуу конуштун жерлерине которууга (трансформациялоого) сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчы У. Алсейитовго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Ж. |