Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 19-январы №1/3
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы калган калдык 2 046 336 (эки миллион кырк алты миң үч жүз отуз алты миң )сом акча каражатын кароо жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы калган калдык 2 046 336 (эки миллион кырк алты миң үч жүз отуз алты миң) сом акча каражатын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңештин иш планын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы калган калдык 2 046 336 (эки миллион кырк алты миң үч жүз отуз алты миң) сом акча каражаты төмөндөгүдөй белгиленсин.
Айыл өкмөтүнө камаз алуу үчүн - 1 000 000 сом
Вет.пункттун өздүк салы үчүн - 397 000 сом
Айыл өкмөтүнө техникалык шаймандарды алуу үчүн -376 000 сом
Ч.Асеков атындагы орто мектептин питаниясына - 60 000 сом
Ч.Асеков атындагы орто мектептин ашканасынын кафелине клей алуу үчүн - 31 000 сом
Айыл өкмөтүнө инвентар (стол, стул) алуу үчүн -152 336 сом
Айыл өкмөтүнүн архивин ремонт жасоо иштерине - 20 000 сом
Айылдык кеңештин токтомдорун веб сайтка жарыялоо үчүн -10 000 сом
Баары: 2 046 336 сом
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы - экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.
Төрага | А. Бокоев |