Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-кууганды айылдык кеңешинин эл депутаттарынын XVI чакырылышынын кезектеги жыйырма биринчи сессиясы
2016-жылдын 11-январы № 1/1
Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын чечимин бекитүү жана жергиликтүү аймакты өнүктүрүүнүн стратегиялык планын алымча кошумчасы менен бекитүү, Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешенин чыгашадан ашкан бөлүгүнөн үнөмдөлгөн акча каражатынын суммасы 491074 сом 80 тыйын, ПРООН долбоору аркылуу түшүп атайын каражаттын эсебинде 2015-жылдан калдык болуп калган 161854 сом акча каражатын бекитип берүү жөнүндө
Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумуковдун кун тартибиндеги маселелер боюнча билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Баш-Кууганды айылдык Кеңешинин XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү аймакты өнүктүрүүнүн стратегиялык планы алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2. Баш-Кууганды айыл аймагында түзүлгөн конкурстук комиссиясынын чечими бекитилсин.
3. Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешенин чыгашадан ашкан бөлүгүнөн үнөмдөлгөн акча каражатынын суммасы 491074 сом 80 тыйын. ПРООН долбоору аркылуу түшүп атайын каражаттын эсебинде 2015-жылдан калдык болуп калган 161854 сом акча каражатын пайдаланууга, мунун ичинен 100 (жүз миң) сом бал аарычылыкка, 61854 (алтымыш бир миң сегиз жуз элүү төрт) сом күнөскана куруу үчүн уруксаат берилсин.
4. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынан мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Ажыгулов |