Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 21-август №8\1
Мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, жаңы окуу жылына даярдыгы, маданий массалык иштерди жүргүзүүнүн абалы жөнүндө
Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча Талды-Суу айылындагы А Осмоналиев атындагы орто мектебинде бир катар иштердин жасалгандыгы белгиленсин.
2. Мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы боюнча бир катар иштердин бүтүрүлгөндүгү белгиленсин.
3. Билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл буруу менен, мектептердин материалдык техникалык базасын чыңдоо, көмөкчү чарбаларды иштетүү боюнча үзгүлтүксүз аракеттер көрүлсүн.
4. 1-Май айылындагы Т Тынымбаев атындагы орто мектебинин санузелдерин карап, ремонттоо боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы мектеп директорлору Байковага, Окенбаевага милдеттендирилсин.
6. Айыл элинин маданий эс алуусун уюштуруу боюнча өзгөчө көңүл бурулсун.
7. Маданий массалык иштерди өткөрүүчү жайлардын абалын карап, оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү клубдун башчысы И Алымкуловко жүктөлсүн.
8. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А Касейиновко тапшырылсын
Төрага | Ж. Дүйшеев |