Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 21-август №8\2
Айылдарда көрктөндүрүү жашылдандыруунун абалы, элдин таза суу, сугат суулары менен камсыз болуусу жөнүндө
Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдарда көрктөндүрүү жашылдандыруу боюнча бир катар иштердин жасалгандыгы белгиленсин.
2. Тигилген жаш көчөттөрдүн өнүмдүүлүгүн карап, отоо сугаруу иштерин жүргүзүү Ж Боогачиевке, А Акунбаевке милдеттендирилсин.
3. Дыйкандардын сугат суулары менен жетишерлик деңгээлде камсыз болгондугу белгиленсин.
4. Өзгөрүш айылындагы ээн агып каптап жаткан сууларды ирээтке келтирүү айыл башчы Т Курманбаевке жүктөлсүн.
5. Сугат сууларынын пайдаланылышын бир системага салып, дыйкандарды сугат суулары менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу айыл башчылары Т Курманбаевке, А Акунбаевке милдеттендирилсин.
6. СПА уюштуруу боюнча элдик жыйында сунушталып, аракеттер көрүлсүн.
7. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы А Касейиновко тапшырылсын.
Төрага | Ж. Дүйшеев |