Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-октябры № 9\1
Ветеринардык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө
Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө ветеринардык тейлөө боюнча айрым кемчиликтердин кетип жаткандыгы белгиленсин.
2. Малды максималдуу каттоодон өткөрүүгө аракеттер көрүлүп, малдарды убагында эмдөөлөрдөн өткөрүүнү камсыз кылууга чаралар көрүлсүн.
3. Жайытта өлгөн малдардын өлүктөрүн мал ээлерине тазалатуу иштерин жүргүзүү, беккари чункурун бүткөрүү, предписание жазып, административдик чараларды көрүү ветеринардык жактан тейлөө боюнча башкы адис ү Маамытовко милдеттендирилсин.
4. Мал ооруларынын жайылуусун кыскартууга карата калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү башкы адис Ү Маамытовко, жеке менчик вет сервистер Аманжоловко, Асанкожоевке, Тогузбаевке тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы боюнча тармактык комиссиясына жүктөлсүн.
6. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А Касейиновко милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Дүйшеев |