Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-январы № 1/2
Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кашка – Кыя участкасынан таштанды таштоочу жер бөлүп берүү жөнүндө
Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кашка–Кыя участкасынан таштанды таштоочу жай катары пайдаланууга жер бөлүп берүү үчүн Баш-Кууганды айылдык Кеңешинин XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кууганды айыл аймагынын Кашка-Кыя участкасынан 1,0 га жер бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынан мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумуковго жүктөлсүн.
Төрага | К. Ажыгулов |