Загрузка документа…
ЧАҢГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 30-январы. № 1
Допу учаткасынын жашоочуларынан түшкөн арызды кароо жөнүндө
Кун тартибиндеги арыздануучулардын маселсин угуп жана талкуулап Чангет айылдык кенешинин (төртүнчү шайланган) кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кооптуу аймактагы жер тилке алуучулардын тизмеси боюнча айыл өкмөттун жургүзгөн иши канааттандырарлык эмес деп табылсын; -Айыл өкмөткө бир жылдык отчетун бир айдын ичинде берүү жагы милдеттендирилип иш ордун кароо жылдык отчетунун негизинде каралып укуктук баа берилсин; -айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлерин тартипке келтирүү үчүн бир жума убакыт берилсин. - Өзгөн –Чангет авто жолун кыш мезгилинде талаптагыдай сүрдүрүп тазалоо, Чалк –Өйдө айылындагы чон көпүрөнүн ураган тирөөчтөрун тез арада калыбына келтирүү айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн. - Чангет –Калта үлүштүк жерлерге чыгуучу жолго курулган жаны көпүрөнү толук бүтүрүү эки тарабына габион торчо байлатуу жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин. - Чангет –Калта, Өстүрүү –Ачы көпүрөсүнун курулушуна өкмөттүн салымы катары бөлүнгөн акча каражатын бир айдын ичинде которуп берүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин. 2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Т.Аширбековго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Эшиев |