Загрузка документа…
ЧАҢГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 06-апрели № 9
Эшиев Маданбектин арызын кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги Эшиев Маданбектин арызы боюнча маселени угуп, жана талкуулап Чангет айылдык кенешинин (төртүнчү шайланган) кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эшиев Маданбек тосуп пайдаланып жүргөн жердеги зым торлорду жана казыктарды тебелетип зыян келтиргендиги үчүн техника ээси жана айыл тургундары Ташмаматов Авазбек, Ташмаматов Акылбекке келтирилген чыгымды толук төлөтүү жана кечирим суроо жагы милдеттендирилсин.
2. Эшиев Маданбек Айылдык кенештин чечимине канааттанбаса тийиштүү органдарга кайрылууга укуктуу экени белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин бюджет ,финансы-экономика мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Эшиев |