Загрузка документа…
ЧАҢГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 13-апрели № 11
Каратаев Базаралинин арызы жөнүндө
Күн тартибиндеги Каратаев Базаралинин арызы боюнча маселени угуп, жана талкуулап Чангет айылдык кенешинин (төртүнчү шайланган) кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. И.Жумабаев атындагы орто мектепке жеке демөөрчүлөрдүн жардамы менен курулган ашкана азыркы күндө китепкана катары пайдаланып жаткан имараттын документтеринин жетиштүү түп нускасы болбогондуктан айыл өкмөт балансына албоо жана курулганда кеткен чыгымын төлөбөө жагы айыл өкмөт башчыга жүктөлсүн.
2. Китепканага тийиштүү документтеринин түп нускасын тактап мыйзам чегинде айыл өкмөт балансына алуу айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.
3. Каратаев Базарали Айылдык кенештин чечимине канааттанбаса мыйзам чегинде тийиштүү органдарга кайрылууга укуктуу экени белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин бюджет ,финансы-экономика мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Эшиев |