Загрузка документа…
ЧАҢГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 04-майы № 16
Өстүрүү айылынын Кара-Таш участкасындагы жашоочулардан түшкөн арызын канааттандыруу жөнүндө
Чангет айыл өкмөтүнүн Өстүрүү айылынын Кара-Таш участкасынын жашоочуларынын арызын карап талкуулап чыгып Чангет айылдык кенешинин (төртүнчү шайланган) кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чангет айыл өкмөтүнүн Өстүрүү айылынын Кара-Таш участкасындагы жашоочулардын арызында көрсөтүлгөн сугат суу чыгаруу үчүн труба сатып алууга 15000 ( он беш ) мин сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөт башчыга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин бюджет ,финансы-экономика мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Эшиев |