Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-январы 16/6
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетин жана атайын каражаттардын кйреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Алсейитов У.С.тин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү бюджеттик каражаттар 7165,2 миң сом көлөмүндө,атайын каражаттар 594,0 миң сом көлөмүндө бекитилсин.
2. Бюжеттин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
- бирдиктүү киреше салыгы 1792,0 миң сом;
- патент 110,5 мин сом;
- мүлк салыгы 23,0 миң сом;
- транспорт салыгы 213,5 миңсом;
- короо алдындагы жер салыгы 111,5 миң сом;
- улуш 165,3 миң сом;
- айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 245,3 миң сом;
- сатуудан алынуучу салык 517,0 миң сом;
- лицензия алуудан төлөмдөр 45,0 миң сом;
- айыл ичиндеги жер арендасы 24,0 миң сом;
- жайыттын арендасы 338,2 мин сом ;
- КБФ нын жерлеринин арендасы 32,6 миң сом;
- тазалык жыйым 11,6 миң сом;
- теңдештирилген грант 3535,7 миң сом.Бардыгы 7165,2 миң сом.
3. Бюжеттин чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин
- Айыл өкмөттүн кызматкерлеринин штаттык бирдиги негизги кызматкерлер 12 штат,кичи персонал 3 штат ,эмгек акысы 2874,8 миң сом,социалдык фондго болгон төлөмү 425,1 миң сом болуп бекитилсин.
- Маданият кызаткерлеринин штаттык бирдиги8,5 штат,эмгек акысы 663,5 миң сом,социалдык фондго болгон төлөмү 114,5 миң сом болуп бекитилсин.
- Дөбөлү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин чыгымдарына 225,5 миң сом бекитилсин.
- Күйүүчү май үчүн 20,0 миң сом;
- Башка кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн 66,0 миң сом ;
- бала бакчалардын тамак-ашына 567,0 миң сом;
- бала бакчалардын учурдагы ремонтуна 30,0 миң сом;
- майда чарбалык буюмдарды сатып алууга 44,5 миң сом;
- комур сатып алууга 1206,0 миң сом;
- электр энергиясын төлөөгө 928,3 миң сом.Бардыгы 7165,2 миң сом.
4. Киреше бөлүгүнө бекитилген бирдиктүү киреше салыгынын көлөмү 901,0 миң сомго, сатуудан түшүүчү салык 279,6 миң сомго көп коюлуп калгандыктан жана башка социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө кошумча республикалык каражаттан 2 млн.сом, аппарат кызматкерлеринин эмгек акысынын көбөйүшунө байланыштуу 852,6 миң сом эмгек акысына, 126,1 миң сом социалдык төлөмдөрүнө суралсын.
5.Атайын каражатка ата-энелерден тамак-ашка түшүүчү спонсордук жардам киреше жана чыгаша бөлүгү 594,0 миң сомдун өлчөмүндө бекитилсин.
6.2019-жылга Дөбөлү айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгү болжолдуу 7815,2 миң сом, 2020-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү болжолдуу 7876,2 миң сом болуп бекитилсин.
7.Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Ж. |