Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-январы 16/7
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинде жыл башында калган акча каражатын пайдалануу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин жыл башында калган акча каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Алсейитов У.С.тин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын башына калган акча каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгү 624,0 миң сом көлөмүндө бекитилсин.
-Мунун ичинен 183,0 миң сом жайыт бирикмесинин 2017-жылда пайдаланылбай калган акчасын Дөбөлү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин чыгымдарына бөлүнүп берилсин.
2.Аталган сумма төмөндөгү статьяларга жумшалсын:
- Унаа чыгымдарына 45,0 миң сом;
- жайыт пайдалануучулар бирикмесине 183,0 миң сом;
- учурдагы ремонтко 15,0 миң сом;
- майда чарбалык буюмдарды сатып алууга 12,0 миң сом;
- болок курулуштардын капиталдык ремонтуна 349,0 миң сом;
- башка жабдууларды алууга 20,0 мин сом. Бардыгы 624,0 миң сом.
3. Тиешелуу документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Ж. |