Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 22-январы № 16/8
«Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерлерин» ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-111 бекиген токтомундагы «Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерлерин» ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү» типтүү жобонун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 бекиген токтомунун жана Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тийешелүү «Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерлерин» ижарага берилген, келишими бүткөн жерлерди кайра берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык депутаттар Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тийешелүү «Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерлерин» ижарага берилген, келишими бүткөн жерлери кайра ижарага берилсин.
2. АЖМФ жерлери ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын ишинин РЕГЛАМЕНТИ бекитилсин.
3. АЖМФ жерлери ижарага тоорукка (аукцион, конкурс жана түз берүү) 1,0 га (бир гектардан) коюлсун.
4. АЖМФ жерлеринен талап кылынбаган жер участкаларын түз берүү жагы менен гектары чектелбеген аянттарына жеңилдетилген баалар менен берилсин.
4. Дөбөлү айыл аймагынын жер жанатурак жай боюнча комиссиясынын 2018-жылдын 17-январь айындагы отурумунун №2 токтому бекитилсин.(лоттордун тизмеси тиркелсин)
5. АЖМФ жерлери ижарага тоорук (аукцион, конкурс жана түз берүү) жагы 2018-жылдын 28-мартында Дөбөлү айылында, 29-мартында Алыш айылында, 30- мартында Кеңеш айылында өткөрүлсүн.
6. Жаңы түзүлгөн «Дөбөлү жаштар» коомуна АЖМФ жер участкасынаи ,Алма-Күчүк» участкасынан 1,0га, «Тай-сарай» участкасынан 2,0га жерлери 5-жылга ижарага жана айыл өкмөттөгү соц.мекемелердин,үрөн чарбанын кайрылуусу боюнча 1,0га ижарага түз берилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Токталиевге тапшырылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго тапшырылсын.
Төрага | Уланбек уулу Ж. |