Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 06-марты № 2
Бюджеттик эсепте жыл башында калган калдыктын 73100 сомдун сметасын бекитүү жөнүндө
Бюджеттик эсепте жыл башында калган калдыктын 73100 сомдун сметасын бекитүү максатында
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыл башында калган калдыктын 73100 сом сметасы Кара-Уңкүр айылынан мектепке окуучуларды ташуу үчүн күйүүчү майга төмөндөгүдөй болуп бекитилсин
СТ 22141100 – 73100 сом
2. Бюджеттик эсепке жыл башында калган калдыктын 73100 сом сметасын бекитип Берүү жагы КР Финансы Министрлигинин Нарын башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А.Шалтаевага милдеттендирилсин.
Төрага | М. Шалтаев. |