Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 1/1
Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин аткарылышын ,2016-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2017-2018-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыгыз Республикасынын «Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын, 2016-жылга жергиликтүү бюждетин жана 2017-2018-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Ж.Абдрашитованын билдирүүсүнө ылайык депутаттардын сунуштарын угуп жана эске алып, Баш-Кууганды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кууганды айыл аймагынын 2014-жылдын бюджетинин аткарылышы киреше жана чыгаша бөлүгү оөзгөртүү толуктоолору менен 6746,1 миң сом, 2016-жылга бюджеттин кирешелер бөлүгү 5396,9 миң сомго анын ичинен, тендештирме грант 4243,4 миң сомго, салыктын көлөмү 1033,5 миң сомго, атайын каражаттар 120,0 миң сомго, чыгашалары 5396,6 миң сомго бекитилсин.
2. 2017-жылдын бюджетинин долбоору киреше жана чыгаша болугу 5126,6 миң сомго, анын ичинен тендештирме грант 3919,1 миң сом, салыктын көлөмү 1087,5 миң сомго, атайын каражаттар 120,0 миң сомго, чыгашалары 5126,6 миң сомго бекитилсин.
3. 2018-жылдын бюджетинин долбоору киреше жана чыгаша бөлүгү 5337,9 миң сомго, анын ичинен тендештирме грант 4038,4 миң сом, салыктын көлөмү 1179,5 миң сомго, атайын каражаттар 120,0 миң сомго, чыгашалары 5337,9 миң сомго бекитилсин.
4. Биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соц.фонд, тамак-аш,коммуналдык чыгым жана башкаларга ) каражат бөлүнсүн.
5. Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетин эмгек акыга, соц.фонд төлөмдөрүнө, электр энергиясына, көмүр отунуна, автооунаага берилген чыгымдардын лимитинен чыкпай иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Ж.Абдрашитовага милдеттендирилсин.
6. Кассалык обороттук накталай акча каражат 25,0 миң сом өлчөмүндө калтырылсын.
7. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal .kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын малекеттик Реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Ажыгулов |