Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 30-майы № 1
Казан-Куйган айыл аймагынын ички тартип эрежелерин киргизүү жөнүндө
Казан-Куйган айыл аймагынын ички тартип эрежелерин киргизүү максатында Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казан-Куйган айылында экинчи аңдан баштап, ылдыйды көздөй корукчу болуп Жумаев Кубан дайындалсын. Айдоо жери бар ар-бир түтүндөн жылына бир жолу 200 сом өлчөмүндө эмгек акысы үчүн төлөнүп берилсин.
2. Казан-Куйган айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Талаа участкасында корукчу болуп Ташмуканбет уулу Адылбек дайындалсын. . Айдоо жери бар ар-бир түтүндөн жылына бир жолу 1га жер аянты үчүн 200 сом же эки таңгак чөп өлчөмүндө эмгек акысы үчүн төлөнүп берилсин.
3. Айдоо аянты катарында корулуп жаткан жер аянтынан түшкөн ар-бир мал үчүн кой-эчкиге-25 сомдон,музоо-кулунга 50сомдон, уй-жылкыга 200сомдон айып салынсын. Башка айылдын малы түшсө жогорудагы көрсөтүлгөн айып эки эселенген түрдө төлөнсүн. Алынган айып корукчуга берилсин. Корука мингич ат түшсө жагдайына жараша корук үчүн минип корукту кайтарууга уруксаат берилсин.
4. Бада 1-майдан башталсын.Ал эми жайлоого көчүү 10-июнга чейин аяктасын. Жайлоодон көчүп келүү Казан-Куйган айылы, Кара-Талаа участкасынын тургундары оруп-жыйуу өнөктүгү аяктаганда 25-сентябрдан тарта көчүп келүү жагы милдеттендирилсин.
5.Эгерде 25- сентябрга чейин малын айдап көчүп келип алса эгинди жана табигый чөптү, эспацетти тебелеп зыянга учуратса, мал ээси чыгымды толугу менен төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
Эскертүү: Эгерде корука түшкөн малдар кокусунан өлүп же шишке сайылып калса корукчу жооп бербейт.
6. Бул токтомду аткаруу жагы Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.Эсенгуловго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Шалтаев. |