Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майы № 15
Ак-Жар калктуу конушунун чек арасын тактоо жана бекитүү жөнүндө
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 04.04.2017-жылдагы №63-б буйругунун жана Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 04.04.2017-жылдагы №30-б буйруктарынын негизинде “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Ак-Жар айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып токтом кылат:
1. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Ак-Жар айыл аймагынын Ак-Жар калктуу конушунун жалпы аянты 362,6 гектарды түзүп, калктуу конуштарынын чек аралар баяндамасына ылайык тактоодо жазылган сызык боюнча бекитилсин.
2. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Ак-Жар айыл аймагынын Ак-Жар калктуу конушунун жалпы жер аянтын аныктоо жана чек араларын тактоо жумуштары тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдарынын негизинде Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу көрктөндүрүү энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | C. Аттокурова |