Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 18
Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бекиген бюджетинен пайдаланылбай калган акча каражаттарын жетишсиз болгон максаттарга жумшоо жана Ак-Жар айылындагы «Сезим» бала бакчасына кошумча план карап берүү жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кещешинин VII чакырылышынын VI кезектүү сессиясында каралган маселе боюнча Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловдун кайрылуусун жана «Сезим» бала бакчасынын башчысы Ы. Жетигенованын бала бакчага 100000 сом кошумча план бекитип берүү тууралуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кещешинин VII чакырылышынын VI кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга каралган бюджетинен төмөндөгү максаттарга каралган акча каражаттар:
1. мал киринтүүчү ванна куруу үчүн каралган 270,0 мищ сом.
2. арыктарга суу алып келүү үчүн деп каралган 200,0 мищ сом.
3. Ак-Жар айылындагы ҮБДТга тиш дарылоочу орундук жана атайын дезинфекциялык жабдууларды алуу үчүн каралган 280,0 мищ сом.
4. Ак-Жар айылындагы ҮБДТга эмеректерди алуу үчүн каралган 50,0 мищ сом.
Жалпы 800,0 мищ сом пайдаланылбастан төмөндөгү максатка жумшалсын.
1. Мектептин от казанын алмаштыруу жана трассасын ремонттоо жумуштарына 800,0 мищ сом акча каражаты толугу менен жумшалсын.
2. Ал эми «Сезим» бала бакчасынын башчысы Ы. Жетигенованын кайрылуусуна ылайык райондук финансы бөлүмүнөн бала-бакчага 100 000 сом кошумча план сурап алуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтеринин милдетин убактылуу аткаруучу Т. Аттокуровго милдеттендирилсин.
Бул токтомдун бекитилген бюджеттерге ылайык ишке ашырылышын камсыздоо жагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловго тапшырылсын.
Төрага | C. Аттокурова |