Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 19
Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Булуң участкасына кызыл китепке кирген жапайы жан-жаныбарлардын санын көбөйтүү максатында тынч зона уюштуруу жөнүндө
УГУЛДУ:Аталган маселе боюнча Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы С.Аттокурованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VI кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Булуң участкасына кызыл китепке кирген жапайы жан-жаныбарлардын санын көбөйтүү максатында тынч зона уюштурууга уруксаат берилсин.
2. Кум-Булуң участкасына жапайы жан-жаныбарлар үчүн тынч зона уюштуруу жана коргоого алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Кум-Булуң участкасындагы уюштурулган тынч зонага ок атуучу мылтык жана аңчылык кылуучу жабдыктар менен кирген мыйзамсыз мергенчилерге 50,0 миң сом штраф акы салуу жагы белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин депутаттарына милдеттендирилсин.
Төрага | C. Аттокурова |