Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 20
Айыл өкмөтүн муниципалдык менчигинде турган эски бала бакчанын имараты эскирип кулап калуу абалында тургандыктан бузуп оордун бошотуу жөнүндө
УГУЛДУ:Аталган маселе боюнча Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы С.Аттокурованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VI кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган эски бала бакчанын имараты эскирип кулап калуу абалында тургандыктан бузуп оордун бошотууга уруксаат берилсин.
2. Эски бала бакчанын имаратын бузуу боюнча мыйзамга ылайык комиссиянын курамын түзүп иш жүзүнө ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Кадыркуловго милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин депутаттарына милдеттендирилсин.
Төрага | C. Аттокурова |