Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 21
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө
УГУЛДУ:Аталган маселе боюнча Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы С.Аттокурованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VI кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы М.Кадыркуловго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык агрардык курулуш, турак-жай жана экология маселелери боюнча тармактык комиссиясынын төрагасы
Э.Осмоновго милдеттендирилсин.
Төрага | C. Аттокурова |