Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 1/2
Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджеттин кирешенин чыгашадан ашкан бөлүгүнөн үнөмдөлгөн 491074 сом 80 тыйын акча каражатын сунушталган сметага бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Ж.Абдрашитованын билдирүүсү боюнча карап жана талкуулап, Баш-Кууганды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджеттин кирешенин чыгашадан ашкан бөлүгүнөн үнөмдүлгөн 491074 сом 80 тыйын акча каражаты сунушталган сметага төмөнкүдөй бөлүнсүн:
№ | Аталышы | Сумма |
1. | Транспорт каражатын сатып алууга | 410700 |
2. | З.Кожоналиев атындагы № 5 Үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун кещсесин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн өздүк салым |
80374-00 |
| Баардыгы: | 491074-80 |
2. Бул токтомдун аткарылышы Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумуковго жана башкы эсепчиси Ж.Абдрашитовага милдеттендирилсин.
3. Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Ажыгулов |