Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-ноябры № 25
Ак-Жар айылынын бала бакчасында 2017-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө
УГУЛДУ:Аталган маселе боюнча Ак-Жар айылынын бала бакчасынын башчысы Ы.Жетигенованын маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VII кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылындагы бала бакчанын 2017-жылдын 9 айында аткарган иштери канааттандырлаарлык деп белгиленсин.
2. Ак-Жар айылындагы бала бакчанын ата-энелеринин 2017-жылдын 17-сентябрындагы жалпы чогулушундагы ата-энелердин макулдугуна ылайык бала бакчага ай сайын берилүүчү ата-энелердин взносу көтөрүлүп 500(Беш жүз) сом болуп бекитилсин.
3. Бала бакчага ай сайын ата-энелерден алынуучу 500(Беш жүз) сом взностун чогулушун жана банктагы счет аркылуу даректүү жана үнөмдүү чыгымдалышын камсыз кылуу бала бакчанын жетекчиси Ы.Жетигеновага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенешке тапшырылсын.
Төрага | C. Аттокурова |