Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-ноябры № 27
Ак-Жар айылынын тургуну Төлөбаев Жылдызбекке Жалгыз Булак участкасындагы өзүнүн сарайынын алдындагы булакка балык чарбасын өстүрүү максатында 0,05 га жер аянтын пайдаланууга берүү жөнүндө
УГУЛДУ:Аталган маселе боюнча Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы С.Аттокурованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VII кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылынын тургуну Төлөбаев Жылдызбекке Жалгыз Булак участкасындагы өзүнүн сарайынын алдындагы булакка балык чарбасын өстүрүү максатында 0,05 га жер аянты пайдаланууга берилсин.
2. Төлөбаев Жылдызбекке Жалгыз Булак участкасынан өзүнүн сарайынын алдындагы булакка балык чарбасын өстүрүү үчүн 0,05га жер аянтын келишимдин негизинде бөлүп берүү жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенешке тапшырылсын.
Төрага | C. Аттокурова |