Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл «31» январы № 17-10/3
Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилинде гана кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык Кещешинин XVII чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилинде гана кабыл алынсын.
Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.jumgalrma.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Баш-Кууганды айылдык Кеңешинин төрагасы К.Ажыгуловго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Ажыгулов |