Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 1/3
Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата жайыт акысын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» Мыйзамынын 8-беренесине ылайык жайыт жерлерин натыйжалуу, сарамжалдуу башкаруну жана пайдалануу үчүн жайыт акынын баасын бекитүү, чабандардын мал баккандыгы үчүн төлөөнүүчү акысын бекитүү, жаздоо, жайлоо, кыштоолорго көчүү-конуу убактыларын бекитүү боюнча Баш-Кууганды айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У.Жамгырчиевдин 2015-жылдагы аткарылган иштерин жана 2016-жылда аткара турган иштери жөнүндө маалыматты угуп Баш-Кууганды айылдык Кещешинин XXII сессиясы токтом кылат:
1. 2016-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөө төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:
№ | Малдын аталышы | Сумма |
1. | Бодо (ийри мүйүздүү) малдар (баш үчүн): -жылкы; -уй; -топоз; |
60 сом
|
2. | Майда жандыктар (баш үчүн); -кой; -эчки; |
12 сом |
2. Мал баккандыгы үчүн бадачынын акысы төмөндөгү тарифте бекитилсин:
№ | Малдын аталышы | Сумма |
1. | Бодо (ийри мүйүздүү) малдар (баш үчүн): -жылкы; -уй; -топоз; |
300 сом
|
2. | Майда жандыктар (баш үчүн); -кой; -эчки; |
30 сом |
3. Баш-Кууганды айыл аймагынын жашоочуларына 2016-жылдын 15-апрелине чейин мал (бодо жана майда жандык) айдоо аянтына кирсе – мал ээсине эскертүү берилсин. 2016-жылдын 15-апрелинен кийин айдоо аянтына кирсе бодо малга биринчи жолу 50 сом, майда жандыктарга 5 сом., экинчи жолу кирсе бодо малга 100 сом, майда жандыктарга 10 сом айып салынсын.
Эгерде тартип бузу кайталанса мал ээси закон алдында жооп берет. Малчы же жайыт пайдаландуучу өзүм билемдик менен жайыт пайдаланып же мал акысын көтөргөн малчылар үчүн 5000 (беш миң) сом айып салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы Баш-Кууганды айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Жамгырчиев Уланга милдеттендирилсин.
5. Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal .kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Ажыгулов |