Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 03-март № 17-11/1
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүү максатында Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылыштагы кезексиз он биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык 01.01.2018-жылдан баштап айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы сугат, кайрак жерлердин жер салыгы 1,5 эсеге көтөрүлсүн.
2. Бул токтом айыл өкмөтү аркылуу каттоодон өткөрүлүп, www.jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына камсыз кылуу жагы Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумуковго тапшырылсын.
Төрага | К. Ажыгулов |