Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 5-февралы № X /2
Ѳнүктүрүү саясаты институту “Элдин үнү жана жергиликтүү ѳз алдынча органдарынын жоопкерчилиги бюджеттик процесс” долбоорунун кичи гранттар сынагына катышуу жѳнүндѳ
Терек айыл ѳкмѳт башчысы С.Мыктыбековдун билидирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек айылдык Кеӊешинин кезексиз сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 2-февралындагы Терек айылында ѳткѳрүлгѳн жыйындын чечиминин негизинде , элдик жыйында 49 добушка “ Суу ѳмүрдүн булагы” долбоору, 45 добушка ээ болгон “Балдар биздин келечегибиз” долбоору кичи гранттар программасы сынагына катышууга сунушталсын.
2. Долбоордун талабына ылайык 10% кем эмес салымды жергиликтүү бюджеттен берүүгѳ кепилдик берилсин жана долбоордун туруктуулугу камсыз кылынсын.
3. ЭКБА сессияларында аныкталган артыкчылыктуу кѳйгѳйлѳрдү биргелешип чечүүгѳ түзүлгѳн демилгелүү топтордун курамы жана демилгелүү топ тарабынан түзүлгѳн биргелешкен аракеттер планы бекитилсин.
Төрага | Ж. Ажиева |