Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 5-февралы № X /3
Ѳздүк салым үчүн акча каражатын кароо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексине” ылайык жана Терек айыл ѳкмѳтүнүн башчысы С.Мыктыбековдун билдируусун угуп жана талкуулап, Депутаттардын Терек айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таза суу киргизүү жана паркка балдар ойноочу аянтча куруу долбоорлорунун ѳздүк салымына 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин 3111 статьясынан 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты которулуп берилсин.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл ѳкмѳт башчысы С.Мыктыбековго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырамын
Төрага | Ж. Ажиева |