Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 30-марты № 114/20-7
“Э.Камчыбеков жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысы-мэр А.Джузупбековдун 30.03.2018-жылдагы №01-2/426 сандуу Сунуштамасынын негизинде, Талас шаардык “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси бош кызмат ордуна Э.Камчыбековду дайындоо жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси бош кызмат ордуна Э.Камчыбековду дайындоого макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Төрага | М. Есенкулов |